Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев менен биргеликте тартылган видеороликтен кийин WhatsApp номерине шайлоонун үгүт эрежесин бузган көптөгөн маалыматтар келип жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-сентябрда Бишкекте өтүп жаткан тегерек столдо суроолорго жооп берип жатып билдирди.
"Биз депутат Жанар Акаев менен коомчулукка видеоролик тартып, кайрылуу таратканбыз. Мыйзам бузуулар, арыз, даттанууларды жибергендердин WhatsApp номерин анонимдүүлүктү сактоо менен кабыл аларыбызды айтканбыз. Албетте, бир канча көп сандагы арыз кайрылуулар түштү. Буга чейин айтылгандай эле жарандарда коркуу байкалууда. Бул маселелерди биз чече албайбыз, анткени жарандар арыз даттанууларды жазууну каалабай жатат", - деди Абдрахматова.