Бүгүн, 29-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчыга министр саламаттыкты сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар жана калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында айтып берди.
Президент менен министр өлкөнүн саламаттыкты сактоо мекемелеринин курулушу жана оңдоо иштерин, анын ичинде Улуттук перинаталдык борбордун жаңы корпусунун курулушунун жана Улуттук онкология жана гематология борборунун оңдоо-курулуш иштеринин жүрүшүн талкуулашты.
Атамбаев саламаттыкты сактоо тармагындагы жүргүзүлүп жаткан реформаларды натыйжалуу ишке ашыруунун маанисин белгиледи. Ошондой эле президент реформа калкка көрсөтүлгөн медициналык кызматтын сапатын жогорулатууга багытталууга тийиш экендигин билдирди.