SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Акчаңарды кайда сактайсыңар?" деген тема талкууга алынган.
Темадагы автордун билдирүүсү:
"Азыркы мезгилде акча топтоо реалдуу эмес болсо керек. Бир айда иштеп тапкан айлыгың экинчи айга араң жетет. Бирок ар кандай болот. Менин сурайын дегеним, мисалы, чет өлкөлөрдө баалуу кагаздарды алып-сатуу менен, банктарда сактоо менен жана башка жолдор менен каражатты көбөйтсө болот. Бир айлык чыгымдан тышкары калган акчаңарды кайда сактайсыңар? Үйүңөрдөбү же банктабы? Же болбосо акча каражат жөн эле жата бербеш үчүн пайда табуу максатында кайда жумшаш керек? Же баалуу кагаздарды (акция, облигациялар ) сатып алыш керекпи?"
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Ишенимдүү банкта эле сактаган оң. Фонддук рынок бизде жакшы өнүкпөгөндүктөн баалуу кагаздарды сатып алуу канчалык пайдалуу айтыш кыйын".
"Меники түз эле "апам-атам" деген банкка кетет. Жакшы, ишенимдүү банк, кийин банкрот болуп күйүп да кетпейт".
"Банктарга ишенбейм. Илгери-илгери бир банкка акча салгам, пайызы тургай негизги суммасын ала албай калгам. Түп орду менен жок болуп кетишкен. Азыр өзүм банкмын".
"Банкта сактаган жакшы. Бир эле банкта эмес бир нече банктарда. Ар бир банкка 100 миң сомдон ашык салбоо керек жана акчаны ар түрдүү бирдикте (сом, доллар жана рубль) сактаган туура. Биринин курсу түшүп кетсе экинчиси аны жаба турган болуш керек. 100 миң сомдон ашпоосу керек дегеним, эгерде банк банкрот боло турган болсо алгач 100 миң сом гана төлөп берүү милдетинде. Калганын кийин төлөшү мүмкүн".
"Эгер айлыктан кокусунан бир аз ашып калса, банктан виза карта алгам ошого салып турам. Бир аз бирдик салып, дүкөндөн чай-пай ичип турганга, эң ыңгайлуусу ушул карта экен, каалаган жерде карточка менен төлөп кете бересиң, чөнтөккө да ыңгайлуу, кичинекей. Анан жакшы жери карточкаң жоголсо кайра банктан жасатып аласың, ал эми акчаң жоголбойт, ордунда тура берет".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.