2013-жылдын 1-кварталында өлкөдөгү микрокредиттик компаниялар элге 5 миллион 854 миң сом насыя берген
2013-жылдын 1-кварталында Кыргызстандагы чакан
насыя берүүчү компаниялар элге 5 миллион 854 миң сом суммасында насыя берген. Бул
тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Насыя алган
адамдардын саны 124 миңден ашкан. Берилген каражаттардын 55,5 пайызы айыл чарба
тармагын өнүктүрүүгө, 24,2 пайызы соода-сатык тармагына, ал эми 10,1 пайызы
күнүмдүк керектөөгө багытталган. Насыя алуу боюнча Жалал-Абад, Чүй жана Ош облустары алдыда.