Жаан жаап, карга айланган аба ырайында Патрулдук милиция айдоочуларды сак болууга чакырык жасады.
Аба ырайынын жаан-чачындуу шартында жол тайгак болуп, көрүмдүүлүк начарлайт. Мындай татаал аба ырайы жол кырсыктарынын болуп кетүүсүн шарттайт. Айдоочулар жол эрежелерин сактоо менен бирге жол кырсыктарын алдын алып, адам өлүмүнө жеткирбөөсү кажет. Ошол эле учурда унаалардын жайкы дөңгөлөгүн кышкы дөңгөлөккө алмаштырып, унаалардын техникалык абалын көзөмөлдөөсү керек экендиги айтылган.
"Урматтуу айдоочулар, жол шартына ылайык ылдамдыкты жана унаалар ортосундагы аралыкты сактаңыздар. Тобокелге салуу менен ойлонулбаган кадамдарга барбаңыздар. Жөө өтмөктөрдөн абайлап айдооңуздарды эскертебиз", - дейт Патрулдук милиция кызматы.