Өлкө аймагынын айрым жерлеринде 29-сентябрдан 30-сентябрга караган түнү кар жаады. Кардын эрте жаашы, ошондой эле күз мезгилинде күндүн жылуу болушу эмнеден кабар берет? Мындай учурларды кыргыздар айдын чыгышына, мезгилдин жүрүшүнө карап болжоп келишкен.
Кардын эрте жаашы, күздүн көпкө созулушу туурасында коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев өз оюн билдирди.
"Биз бала кезибизде айыл жеринде аксакалдар сентябрдын аяк чени, октябрдын башында кардын кыламык жаашын кыш бала салып койду деп айтчу эле. Ал дегени алдыда боло турган кыштын жылуу болушун болжоп айтканы. Ошол эле учурда күз мезгили көпкө созулуп, жылуу тартып кыш кечиксе күздүн моюну узарды, кыштын мөөнөтү созула турган болду деп болжоп келишчү. Чындыгында аксакалдардын айткандары дал келип кыш жылуу, жаз кеч келген учурлары болгон", - деп билдирди Каптагаев.
Мындай учурларды жыл санагына карап аба ырайын алдын-ала айтуучулар жөн гана аба ырайынын муздашы, мезгилдик алмашуу деп сыпаттаарын айтышты. Кыргызгидромет агенттиги бүгүнкү шартта мезгилдик аба ырайын болжоп айта албастыгын кошумчалады.
Жаратылыштын мезгилдерин эл арасында түрдүү болжол менен айтып келишкен. Тактап айтканда, күздүн күнү күн күркүрөбөйт, күн күркүрөсө күз узакка созулат, ал эми кыш чилдесинде жаан жаабайт, жааса кыш оор болот. Күн батарда кызарып батканын эртеңки күн ачык болот деп билип, ошол эле учурда жаңырган айдын чалкалап жатышын кургакчыл, тикелей жайгашуусун жаанчыл ай болот деп болжоп айтышкан.
Ал эми жазуучу Асан Жакшылыков жаратылыштын 4 мезгили адамзаттын оң жана терс жүрүм-турумуна, карманган пейилине жараша болорун айтты.