Ысык-Көл. Митингчилер "Кумтөргө" барчу жолду тосушууда

27-майда Ысык-Көл облусунун Саруу айылынын жашоочулары "Кумтөр" ишканасы аймактагы элдин ден соолугуна терс таасирин тийгизүүдө. Ошондуктан аймакка оорукана салып берсин" деген талап менен митингге чыгышып, аталган компанияга өтчү жолду тосушкан. Митинг бүгүн, 28-майда да уланууда. Уюштуруучулардын бири Эрмек Жунушбаевдин берген маалыматына караганда, чогулгандар 13 талап менен жол тосуп жатышат. Алардын баары аткарылмайынча "Кумтөр" ишканасына бара турган негизги жол жабылат. Белгилей кетсек, жол тосууга 200дөй адам чогулду. Ал эми ОИИБинин билдиришинче, түнкүсүн 50-60 киши чогулуп, 5 боз үй тигилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан