Австриянын аймагында адамдын жүзүн толук жапкан паранжа жана дарыгердин көрсөтмөсү жок медициналык масканы коомдук жайларда кийүүгө тыюу салган мыйзам бүгүн, 1-октябрда күчүнө кирет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Мыйзам бузгандарга 150 евро айып салынат. Укук коргоо органдарына баш ийбегендерге полиция түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Мыйзамга ылайык, майрам болбогон күндөрү маскарад кийимдери менен бетин жабууга да болбойт. Медициналык маскаларды кийген дарыгерлерге мыйзамда чектөөлөр жок. Чет элдик басылмалар мыйзам маскарапоздорго, спортчуларга (фехтование) жана күн суук маалында жүзүн шарф менен ороп алгандарга таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн белгилешет. Тыюу салуу өлкөдөгү мигранттар жөнүндөгү мыйзамга кошулган.
Европадагы бир канча мамлекеттерде адамдын денесин толугу менен жапкан мусулман кийимдерин коомдук жайларда кийүүгө тыюу салынган. Мындай мыйзам 2011-жылы Францияда күчүнө кирген.