3-жолу сындырып кетишкен Бишкек шаарындагы жаштар аллеясына орнотулган чоң көлөмдөгү көз айнек оңдолду. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда "Тазалык" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Аталган көз айнек бүгүн эртең менен оңдолду. Учурда ал өзү эле катуу шамалдан сынып калуусу мүмкүн деген сөздөр айтылып жатыптыр. Бирок ал өзү сынып калуусу мүмкүн эмес, анткени биздин кызматкерлер жакшы оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшүп бекем бекитишкен болчу", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, жаштар аллеясындагы чоң көлөмдөгү көз айнек буга чейин белгисиз адамдар тарабынан 2 жолу сындырылып, кайра оңдолгон соң кийин дагы сындырып кетишкенин билдиришкен. Бейбаштыкты жасагандар Ленин райондук администрациясы жана укук коргоо органдары тарабынан изделип жаткан.
Көз айнек "Көз караш" долбоорунун алкагында былтыр, 2016-жылы июль айында орнотулган. Идеяны алып чыккандар шаарга көрк кошуп, инфраструктуралык курулуштарга байытуу, мындан сырткары көз айнек аркылуу тургундарды өз укугун билүүгө үндөө максатын көздөшкөн. Көз айнектин бийиктиги 2,5, туурасы 5, узуну 6 метрге жетет.