Жанар Акаев: "Бийлик күчтүү оппоненттеринин жеңишинен коркууда, Канат Исаев ошондуктан кармалды"

Бийлик күчтүү оппоненттеринин жеңишинен коркуп, аларды кармап жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев "К-ньюска" билдирди. Акаев депутат Канат Исаевдин кармалышын шайлоо алдында Сооронбай Жээнбековдун оппоненттерин коркутуу аракети деп эсептейт.

"Бийлик өкүлдөрү алардын талапкери утулуп калат деп коркууда, ошол себептүү Канат Исаевди кармашты. Баарыбыз билебиз, Канат Исаев президенттикке талапкерлердин бирин колдоп жатат. Муну менен бийлик кимди кааласа түрмөгө отургуза аларын айткысы келүүдө. Дал ушул себептүү президенттикке талапкердин күчтүү союздаштарынын бири кармалды", - деди Жанар Акаев.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев кечээ, 30-сентябрда массалык баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү фактысы боюнча Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК тарабынан кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан