Бишкекте президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун чукул маалымат жыйыны өтүүдө.
Анда Бабанов: "Алмазбек Атамбаев мамлекет башчы катары "Кыргыз мамлекетинде демократия болот, артка жол жок" деген сөзүнө турат деп ишенем. Кайсы укуктук өлкөдө криминал өкүлдөрүн саясатка аралаштырат? Телефон сүйлөшүүсү үчүн кылмыш ишин козгойт? Саясий атаандаштарым менин программамды сындаса, мага жагымдуу болмок. "Кантип мугалимдердин айлыгын көтөрөт?" деп. Административдик ресурс колдонулуп жатат", - деп билдирди.