Өмүрбек Бабанов: "Мени президент Атамбаевге каршы койгусу келип жатышат"

Бүгүн, 1-октябрда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов президент Алмазбек Атамбаев менен каршы койгусу келгендер атайын провокация уюштуруп жатканын айтты.

"Менимче, атайын ушундай провокация жүрүп жатат. Алмазбек Атамбаевге "Бабанов ушундай төңкөрүш жасагысы келип жатат" деп айтыш үчүн. Мени Атамбаевге каршы койгусу келип жатат. Мен мыйзам чегинде гана бул шайлоодон утуп чыккым келет. Канча тоскоолдук болбосун элибиздин жолу 15-октябрда ачылат. Биздин Кыргыз мамлекетине тынчтык, биримдик керек", - деп билдирди.

Бабанов шайлоодо аягына чейин күрөшөрүн ырастады.

Эскерте кетсек, Бабанов бүгүн өлкөдөгү соңку кырдаалдан улам чукул маалымат жыйын өткөрдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан