Сузак районундагы Таш-Булак айыл аймагында 2017-жылдын 29-сентябрь күнү саат 22:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен сугат каналынан суу ашып, 2 турак үйдүн короолоруна суу кирген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалым болгондой, ӨКМнын Сузак райондук бөлүмүнүн башкы адиси, Таш-Булак айыл аймагынын башчысы жана суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан сууну токтотуу жумуштары аткарылган. Ал эми турак жай ээлери короолорун сел сууларынан тазалашкан.
Министрлик 3-октябрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жана 4-6-октябрь күндөрү өлкөнүн көпчүлүк аймактарда катуу жамгыр жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөрүн билдирди. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетет.