Бишкек шаардык мэриясы: "Коомдук транспортто жол киренин баасы кымбаттабайт"

Бишкек шаарынын мэриясы элдин кайрылуусунан улам коомдук транспортко жол кирени көтөрүү маселесин карап чыгууну күн тартибинен алды. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

"Жагымдуу шарттар шаары" аттуу 2017-2020-жылдарга карата Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы шаардык транспортторго эффективдүү тариф саясатын түзүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү пландаган. Жол кирени көтөрүү коомдук транспорттордун иштөө сапатын жакшыртуу, шаар тургундарынын социалдык абалын эске алуу менен гана ишке ашуусу керек экенин мэрия жакшы түшүнөт", - деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, өткөн жумада болгон маалымат жыйынында шаар башчысы Албек Ибраимов коомдук транспорт чыгымын актабай жатканын айтып, жол кире 12 сомго көтөрүлүшү мүмкүн экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
omurbek1990
2017-10-02 11:15:40
Алыбек байке алына жараша иш кыыл. 2 сом учун чон проблема жаратпа озуно. Эл зорго эле турат итак эле.
+2
Asman...
2017-10-02 11:39:40
Тойбой жатат экенсинер жегиле байкуштар. Элди тоногула биринчи силердин курсак тойсун. (Курсагынар тойбой калдыго оной менен).
+1
tursunbaev78
2017-10-02 13:50:13
Бул башталышы дагы көп нерсе кымбаттап,айлык,пенсиялар түшөт,шайлоодон кийин
0
daak9191
2017-10-02 14:19:25
Булар тойбойт жол кирени 2сомго которуп элди тоносо кайра эле водителдин да патентин кобойтушот ошондо бизге да вадителге да пайдасы жок чондордун чонтогуно тушот элестеткиле жол кирени кобойтук патентке 50 сомдон кошобуз дешсин бир айга 1000маршутка бар дейли 1000×50=50000 не деген шумдук.мына ойлонгулачы ар бир маршут бир айда патентке 1000сомдон путевка деп 4000мин толойт деп кой бир айда бир маршут 5000мин деп эле койолу ошондо 1000×5000=5000000 бир айдыко болжол менен эми ойлонгула
+1
almanbetperm
2017-10-02 16:23:29
Кымбаттабайт, но шайлоо буткучо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан