Президент Алмазбек Атамбаев 1-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районунун активи менен жолукту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат ылайык, жолугушуу учурунда мамлекет башчы суроолорго жооп берди. Президент мектептердин, бала бакчалардын курулушу, таза суу менен камсыз кылуу, этникалык кыргыздардын жарандыгы боюнча суроолорго жооп берди.
Атамбаев райондун тургундарын ага президент учурунда колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди. “Мен ар дайым кыргыз элинин колдоосун сезип турчумун. Ошондуктан көп нерсени аткарууга жетиштим болуш керек”, - деди президент.
Ал Кыргыз мамлекети өзүнүн жолун таап, бардык ресурстар, байлык, эл үчүн иштеген өлкө болгонун айтты.