АКШнын президенти Дональд Трамп Мамлекеттик департаменттин башчысы Рекс Тиллерсон Түндүк Корея менен сүйлөшүү жүргүзүүгө бекер эле убакыт коротуп жатканын айтат. Трамп бул тууралуу Твиттердеги баракчасына жазды.
"Мен биздин урматтуу мамлекеттик катчыбыз Рекс Тиллерсонго ракеталуу кичинекей адам (Түндүк Кореянын президенти) менен сүйлөшүүнү баштоого жөн эле убактысын коротуп жатканын айттым. Рекс, энергияӊды сакта. Биз жасалышы керек болгон ишти жасайбыз", - деп жазды Трамп.
Буга чейин Мамлекеттик департамент Түндүк Кореяга байланышкан көйгөй аскердик күч менен чечилиши мүмкүн экенин, бирок бул Түндүк Корея кайсы жолду тандап аларынан көз каранды болорун билдирген эле. "Же дипломатия жолу менен, же күч менен", - деди Мамдепартаменттин өкүлү Хизер Науэрт.
Науэрт ошондой эле сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Вашингтон менен Пхеняндын ортосунда дипломатиялык каналдар ачык экенин белгилеген.