Бүгүн, 28-майда Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясында ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети “КРнын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы тууралуу маселени талкуулаган көчмө жыйын өткөрүүдө. Анда катышуучуларга режиссёр Садык Шер-Нияз башында туруп тартылып жаткан “Курманжан датка” көркөм тасмасынын 15 мүнөттүк трейлери көрсөтүлдү. “Тасманын 50 пайызы даяр болуп калды. Эми калганын тартып бүтүрүү үчүн каражат тартыштык болуп жатат”,- деди Шер-Нияз. Иш-чарага катышып жаткан Жогорку Кеңештин айрым депутаттары "Курманжан датка" тасмасынан башка Шабдан баатыр сыяктуу тарыхый инсандар жөнүндө да тасма тартуу керектигин белгилешти.