Премьер-министр Сапар Исаков кечээ, 1-октябрь күнү кыздуу болду. "Жаңы төрөлгөн ымыркайдын салмагы 3 килограмм 700 грамм, бою 52 сантиметр. Эне менен кыздын абалы жакшы, төрөт жеңил өттү. Бул Сапар Исаковдун төртүнчү кызы", - деп билдирди өкмөттүн маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Гүлнура Төралиева.
Өкмөт башчы "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде жубайы кесиби боюнча психолог жана илимдин кандидаты экенин айткан.