Ош облусунун Араван районундагы Араван айылында мыйзамсыз зоо ташын ташыган жаран кармалды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз кызматынан бүгүн, 2-октябрда билдиришти. Маалым болгондой, ыкчам иштердин жүрүшүндө инспекторлор тарабынан эч кандай уруксат кагаздары жок, оор жүк ташуучу унаа менен тоо ташын ташыган аталган айылдын М.З. аттуу тургуну кармалды.
Инспекциянын адистери тарабынан жеринде мыйзамсыз ишмердүүлүк токтотулуп, тийиштүү кагаздар толтурулду. Ошондой эле аталган жаранга мыйзамсыз кен казууга тыюу салынары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, административдик айып салынды.