ӨКМ: "Чаткалда кардын калыңдыгынан чабандар мал менен Ат-Мойнок ашуусунда калып калышты"

Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна түшкөн кардын калыңдыгынан чабандар жылкы жана койлору менен Ат-Мойнок ашуусунда калып калышканын ӨКМнын маалымат кызматынан бүгүн, 2-октябрда кабарлашты. Маалым болгондой, Бакай-Ата районунун Акназар айыл аймагынын 8 чабаны 30-сентябрда Чаткал районунун Ат-Мойнок ашуусунда кар көп жаагандыгына байланыштуу 3 короо кой жана 3 үйүр жылкысы менен ашуудан өтө албай калышкан.

Чабандарды көчүрүп келүү үчүн райондун 4 тургуну жана 3 куткаруучу ЗИЛ-131 унаасы менен 1-октябрда чыгып кетишкен. Бирок куткарууга бараткан топ да кардын калыңдыгынан Чакмак-Суу айылынан ары кете албай айылда түнөп калышкан. Министрликтин басма сөз кызматы кошумча маалымат бериле турганын кабарлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
madina.87
2017-10-02 22:50:22
А Израилдик кызга бир канча адам издоого чыкты эле,кана эми королучу озубуздун жердештерге берген жардамдарын
+4
almanbetperm
2017-10-02 23:09:37
Биздикилер пулун болсо кулунмунго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан