Бүгүн, 2-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаевди КТРКнын дебатына катыштыруу маселесин карады. КТРКнын юристи Максат Төлөгөнов Бакыт Төрөбаев теледебатка катышуудан баш тартканын айтты. Анын айтымында, Төрөбаевди дебатка катыштыруу үчүн техникалык жактан мүмкүнчүлүк жок. Аталган каналдын шеф-редактору Бактияр Тукеев студияны даярдоого 10 күн керектеле турганын айтты.
БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова мамлекет тарабынан каржыланып жаткандан кийин комиссия менен акылдашуусу зарылдыгын белгиледи. Ал дебат талапкерлердин убактысы эмес, БШКнын убактысы деп кошумчалады.
Максат Төлөгөнов талапкер өзү баш тартып жаткандан кийин ушундай чечим кабыл алынганын билдирди. Бактияр Тукеев бүгүн бул боюнча БШКга расмий кат жөнөтүлгөнүн айтты.
Комиссиянын мүчөсү Абдыжапар Бекматов мыйзам боюнча талапкер жүйөлүү себеп менен дебатка катыша албай калса, анда башка күнгө жылдырыла турганын эскертти.
Төлөгөнов талапкер дебатка катышуу убактысын башка күнгө жылдыруу маселеси каралышы мүмкүн экенин белгиледи. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жумушчу топ карап чечим кабыл алышын сунуштады.
Эске салсак, Бакыт Төрөбаев 23-сентябрда КТРКдан берилген “Төрөбаевдин үгүтчүлөрү шайлоочуларды сатып алууда” деген аталыштагы материалдан улам телеканалга бойкот жарыялаган. Төрөбаев 3-октябрда өтүүчү теледебатка катышпай калышы мүмкүн.