Экономика министри Темир Сариевдин 2012-жылдагы айлыгы 1,2 миллион сом болгон
КРнын Экономика министри Темир Сариев 2012-жылы негизги иш ордунан 1 миллион 284 миң 800 сом айлык алган. Бул сумма министрдин бир жылдык кирешеси жана мүлкү тууралуу тапшырган декларациясында көрсөтүлгөн. Мындан сырткары, Сариевге таандык жалпы аянты 922,1 чарчы метрди ээлеген үй жана кайсы бир компаниянын 30 пайыздык акциясы бар. Ал эми жакын туугандарынын кирешеси жана мүлкү тууралуу министр эч нерсе белгилеген эмес.