Бишкекте бүгүн, 3-октябрда "Шайлоого чейинки жана шайлоодон кийинки коопсуздук" деген темада тегерек стол өтүүдө. Бул "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылы уюштурган экинчи жыйын.
Жыйында уюштуруучулардын бири Равшан Жээнбеков: "Шайлоого байланыштуу коопсуздук, мыйзамдуулук боюнча олуттуу маселелер жаралууда. Ошондуктан биз мындай жыйындарды өткөрүүнү күчөтөбүз", - деп билдирди.
Коомдук ишмер Орозбек Молдалиев: "Азыркы кырдаалда күндөн күнгө абал кыйындап баратат. Кармоолор, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн пайдалануу... Өлкөгө кандай коркунучтар бар? Терроризм коркунучу бул глобалдуу коркунуч, мындан биз эч жакка кача албайбыз. Бирок биз муну менен күрөшүүгө канчалык даярбыз деген маселе турат. Ошондой эле диний экстремизм коркунучу. Өлкөдө "баланча ажы президент болсо жакшы болот эле" деген радикалдашкан күчтөр бар", - деп билдирди.
Эскерте кетсек, "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылына экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, депутат Жанар Акаев жана башкалар мүчө.