Жарандык активисттин сотунда күбө айыпталуучу эмне деп сүйлөгөнүн укпаганын айтты

Бүгүн, 3-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда жарандык активист Мавлян Аскарбековдун соту өттү. Анын жүрүшүндө Мамлекеттик каттоо кызматынын Чүй облусунун Сокулук райондук башкармалыгынын башчысы Казыбек Кубатов күбө катары көрсөтмө берди.

Анын айтымында, Учкун-2 конушунда Мавлян Аскарбековдун катышуусунда жыйын өткөн. Ал барганда Аскарбеков сүйлөп жаткан, бирок эмне жөнүндө сүйлөгөнүн укпай калганын билдирди. Күбө билдиргендей, өкмөттүн Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолукканда активист бул жерлер 15 жыл мурун элге мыйзамдуу түрдө берилген жер экенин айткан.

Аскарбеков ага козголгон кылмыш ишти саясий куугунтук катары баалай турганын журналисттерге айтып берди. "Менин негизги максатым Учкун-2 конушунун тургундарына жардам берүү, элдин жерин сактап калуу болчу", - деди активист.

Кийинки соттук отурум 16-октябрда саат 10:00дө уланмай болду.

Эске салсак, 10-августта Мавлян Аскарбеков УКМКга суракка чакыртылган. Анда аталган мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Аскарбековдун коомчулуктун алдында айткан билдирүүлөрү боюнча соттук-эксперттик кызматы тарабынан текшерүү жүргөнүн айткан. Ал билдиргендей, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин 1-бөлүмү (Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо) менен кылмыш иши козголгон

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан