Памирлик кыргыздардын Нарын облусунан билим алуусу боюнча маселе талкууланды. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, памирликтердин Нарын облусунун аймагына көчүрүлүп келишине даярдыктарды көрүү боюнча жумушчу топтун жыйыны өткөн. Анда алардын коопсуздугун сактоо, медициналык кароодон өткөрүү жана көзөмөлгө алууну уюштуруу боюнча тийиштүү мекеме жетекчилери маалымат беришти. Бул жумушчу топту облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Жаныбек Дүйшеев жетектейт.
“Октябрь айынын ичинде 50 памирлик кыргыз келет. Анын ичинен 30 адам 30 жашка чейинкилер. Жалпы келген памирликтердин жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша окутуу методикасын жана окуу планын иштеп чыгуу боюнча облустун, райондун билим берүү тармагынын адистери даярдык иштерин жүргүзүүдө”, - деп жазылат маалыматта. Ошондой эле көчүрүлүп келе турган памирлик кыргыздар облустун кайсы районуна отурукташтырыла турганы маалыматта так айтылган эмес.