Үч фазалуу жабдууларды колдонууга уруксат берилди. Турак жайларды электр энергиясы менен жылытууга берилүүчү чектөө 10 пайызга көбөйтүлгөн. Бул тууралуу маселе 28-сентябрда Өкмөттүн жыйынында талкууланганын Улуттук энергохолдинг компаниясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жыйында күз-кыш мезгилине болгон даярдыктар талкууланган. Жыйында Улуттук энергохолдинг компаниясынын башчысы Айбек Калиев 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыктар жөнүндө сөз сүйлөп: "2017-жылдын 1-октябрына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19,5 миллиард метр куб болду. Бул күз-кыш мезгилин жакшы өткөрүүгө жетиштүү. Борбордогу ЖЭБде кубаттуулугу 300 МВт болгон эки объекттин ишке берилиши жана Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү электр энергиясын керектөөчүлөргө жетиштүү деңгээлде жеткирүү гана эмес экспорттоо мүмкүнчүлүгүн түзөт", - деген.
Жыйындын соңунда Улуттук энергохолдинг компаниясына электр энергиясындагы жоготууларды кыскартуу тапшырмасы берилген.