ЖЫЛНААМА, 4-ОКТЯБРЬ: Өмүрүнүн эң акыркы мүнөттөрүндө да илим тууралуу сүйлөшкөн окумуштуу Аль-Бируни төрөлгөн

Тарых, география, астрономия, математика, минерология, фармокология, геология илимдерин изилдеген дүйнөгө белгилүү окумуштуу Аль-Бируни 973-жылы Кят шаарында жарык дүйнөгө келген. Окумуштуу өзүнүн мезгилиндеги бардык илимдер тууралуу көлөмдүү эмгектерди жазып калтырган.

Анын толук аты-жөнү Абу Рай­хан Му­хам­мад аль-Би­ру­ни.

Бируни философиялык жана математикалык жогорку билимге ээ болгон. Анын устаты болуп орто азиялык астроном жана математик Ибн Ирак эсептелет. Калтырган эмгектеринде окумуштуу өзү тууралуу көп маалымат берген эмес, ал атасын жана чоң атасын тааныбай тургандыгын гана жазып калтырган. Бируни хорезм, фарсы, араб, еврей, грек жана санскрит тилдеринде эркин сүйлөгөн. Ал баарына түшүнүктүү жана илимдин тили деп араб тилин эсептеген.

Окумуштуунун эң алгачкы эмгеги "Хронология же өткөн күндөр" деген аталышта болгон. Бул эмгегинде Бируни дүйнө элдери белгилеп жүргөн маанилүү даталарды топтоп, бардык доорлордун хронологиялык жадыбалын түзүп чыккан. Мындан сырткары индия элинин маданиятын, тилин, каада-салтын, ырым-жырымдарын кенен сүрөттөп берген эмгеги жарык көргөн. Ушул эле эмгекте шахматты ойлоп тапкан адам тууралуу уламыш жазылган.

Аль-Бируни 1048-жылы 13-декабрда дүйнөдөн кайткан. Өмүрүнүн акыркы сааттарында алдан тайып турса да жакындары менен илим тууралуу сүйлөшкөн. Достору менен коштошуп жатып: "Эстегенде, сен мага адал эмес кирешенин эсептелиши жөнүндө айтканың бар эле го?" - деп сураган. Таң калган досу: "Азыр бул тууралуу сүйлөшө турган убакыт эмес да?" - деген. Бул дүйнө менен кош айтышып жаткандагы акыркы сөзү, досуна жооп болгон. Анда ал: "Билбей өткөндөн көрө, бул дүйнөдөгү бардык суроолорго жооп алып, көз жумган оң", - деген.

4-октябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан