Дарыгер: "Бишкекти аралай чуркаган уй 2 аялды сүзүп, биринин акырек сөөгү сынып кеткен"

Бишкекте жибин үзүп кеткен уй эки адамды сүзүп, жабыркагандардын биринин акырек сөөгү сынып кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Уй сүзүп, денесинен жабыркаган 2 аял ооруканага түштү. Алардын биринин жаракаты жеңил болгондуктан медициналык жардам көргөзүлүп, ооруканадан чыгарылды. Экинчиси улгайган аял экен кулагы начар уккандыктан уйдун келе жатканын укпай, байкабай калыптыр. Анын акырек сөөгү сынып кеткен. Учурда травматология бөлүмүндө дарыланып жатат, абалы туруктуу", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Айта кетсек, кечээ, 3-октябрда борбордук көчөдө уй чуркап жүргөндөгү тууралуу видео интернетке тарап, кийин ал бир аялды сүзүп, ооруканага "Тез жардам" кызматы менен жеткирилген.

Маалыматка караганда, Бишкектеги курулуш компаниялардын бири курулушчуларга союп берүү үчүн уй алып келишкен. Москва жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде уй жибин үзүп качып кеткен. Киев көчөсүндө унаалардын арасында чуркап жүргөндө интернет колдонуучулары видеого тартып алган. Кийин Патрулдук милициянын кызматкери кармап, аны ээсине кайтарып берген.

Бишкектин так ортосунда уй сейилдеп...
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
madina.87
2017-10-04 10:46:11
Ошончо эркек бир букага алы жетпей,байкуш байбичени ден соолугунан ажыратыптыр.
Жайлоодо бир малчы бирканча букаларды карайт,эчкимди жабыркатпай эле.
Жанталашып видеого тарткыча кармап коюшса болмок
+8
Azat.97
2017-10-04 11:26:47
madina.87,Жайлоо деген жайлоо да.Бул жак шаар го уркуп качып атат да.
+2
asdef
2017-10-04 11:25:42
Бироо Испанияны туурап коррида оюнун уюштуруп жиберген окшойт )))
+2
nargis
2017-10-04 12:53:54
Каап жаман иш болуптур, сузуп кетти дегенде эле ойлогон элем, соо болбоду деп.
Батыраак айыгып кетсин эжекебиз.
+1
Pandora
2017-10-05 03:16:23
"Курулушчуларга союп беруу учун"-дегенде кандай маанини тушундурот? Ошон ошондо адам курулуп жатабы?))) "Куруучуларага"-болсо керек эле Супер Инфо...Акыркы убакта жанылыктардан грамматикалык катанар толтура
0
Алина Айдарбекова
2017-10-05 10:01:12
Pandora, саламатсызбы! Бул жерде эч кандай грамматикалык ката жок. Кыргыз адабий тилинде курулушчу, куруучу деп колдонула берет. Сизге К.К.Юдахиндин "Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү" деген китебин сунуштайм.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан