Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 4-октябрда таңкы саат 6:00 чамасында "Манас" аэропортуна күтүүсүз барып рейд жүргүздү. Аэропорттун ишине нааразы жарандардын көптүгү Исаковду ал жерге айттырбай барып, реалдуулукту өз көзү менен көрүүгө түрткөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Текшерүү учурунда Сапар Исаков жүргүнчүлөр кирүүчү жана чыгуучу залга, аэропорттун жүктөр бөлүмүнө барып жүргүнчүлөр менен баарлашты. "Премьер-министр чек ара текшерүү пунктунан өтүүчү жердеги жана бажы текшерүү бөлүгүндө "кызыл" коридордогу кезек күтүүлөрдү көрдү" деп айтылат маалыматта.
Сапар Исаков: "Биздин жарандардын жана келген коноктордун арыздануулары толук негиздүү. Жалпыга маалымдоо каражаттары да бир нече жолу аэропорттогу тейлөө шарттарынын начардыгы тууралуу жазып чыгышкан. Чек ара жана бажы кызматтары менен аэропорттун жетекчилиги тез арада азыркы көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүнөн ыкчам чараларды көрүшү керек", - деди рейд учурунда.
Өкмөт жетекчиси тиешелүү кызматтар чоң кезек күтүүлөр боюнча көйгөйдү гана чечпей, жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо этикетин да эске алышы керек деп эсептейт. Ошондой эле адистер англис тили дүйнөлүк тил экенин эске алып, тез арада англис тилин үйрөнүшү керектигин кошумчалады. "Манас" аэропорту – өлкөнүн негизги аба дарбазасы. Биздин өлкөгө учуп келген жана кеткен ар бир жаран өзүн ыңгайлуу сезиши керек. Тейлөө, тиешелүү кызматтардын жүргүнчүлөргө жасаган мамилеси, алардын ишмердүүлүгүнүн жогорку деңгээли боюнча биринчи жана акыркы көз караштар дал ушул аэропорттон түптөлөт", - деди Исаков.
Рейддин жыйынтыгында Сапар Исаков аэропорттун жетекчилиги менен бажы кызматына айтылган бардык кыска мөөнөттөгү маселелерди 2 айдын ичинде, ал эми чек аралык текшерүү кабинкаларынын санын көбөйтүүнү, залдарды кеңейтүү жана башка узак мөөнөттөгү маселелерди 6 айдын ичинде чечүүнү тапшырды. "Бүгүн тиешелүү кызматтар менен өзүнчө дагы бир чогулуш өткөрөм жана анда текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча конкреттүү тапшырмаларды берем", - деди Исаков.
Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактын аянтчасында өлкөдө жайгашкан аэропорттордогу тейлөөнүн начардыгы сынга алынып, маал-маалы менен жазылып турат. Андыктан күтүүсүз жасалган текшерүүдөн кийин өкмөт башчы Сапар Исаков аэропорттогу бажы тармагында айтылып келе жаткан коррупцияны ооздуктоонун да жолун табат деген үмүт бар.