"Кинематографисттер" биримдигинин төрагасы Садык Шер-Нияз өлкөдөгү кинотеатрлар оңдоп-түзөөгө муктаж экенин айтты

"Бишкектеги “Россия" кинотеатрын 3 миң долларга, "Октябрь" кинотеатрын 2 миң долларга бир айга ижарага берет экенсиңер. Менимче, бул сумма абдан аз”,- деди ЖКнын депутаты Элмира Иманалиева Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин 28-майдагы көчмө жыйынында. Ал эми Кыргызстандын кинематографисттер биримдигинин төрагасы Садык Шер-Нияз буларга токтолду: “Манас” кинотеатрын ишке киргизүү үчүн 1 миллион сом жумшалган. Ал эми эски кинотеатрларды ишке киргизүү абдан кыйын. Аларды кайрадан оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, жаңы техникалар менен камсыз кылыш керек. Ошондуктан көпчүлүк кардарлар аларды ижарага алуудан качып жатат”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан