Өлкөдө 8-октябрдан тартып күн жылып баштайт

Өлкөдө 8-октябрдан тартып абанын температурасы жогорулап, күн ачылуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Кыргызгидрометтен билдиришти.

"7-октябрда өлкөнүн түштүк аймактарында түштөн кийин мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы мүмкүн. 8-октябрдан баштап өлкөнүн бардык аймагында күн ачылып абанын температурасы жогорулап, жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас облустарында +22 градус болсо, Ош, Жалал-Абад аймактарында абанын жылуулугу +25 градуска чейин жогорулайт. Мындай аба ырайы 13-октябрга чейин улануусу күтүлөт", - деп билдиришти Кыргызгидрометтен.

Айта кетсек, буга чейин 3-5-октябрда өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолордо кар жаай турганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Rusbubu
2017-10-04 16:52:38
Оо Кудай! күн ачык болуп турса экен биздин үй бүткөнчө
+9
nurbekasr
2017-10-04 20:10:58
Оо Алла күн ачылып ысып кетсе экен үйдүн крышасын жаап алат элек.Баары жаандын астында калды эзилип.
+5
maks94.kb
2017-10-04 20:31:33
Оо кудай күн ачылып кетсе экен
Забор тостуруп алайын
+4
Batma08
2017-10-04 21:24:06
Оо алла кун ысып турса экен кыргыз элим уйлорун салып забор тостуруп алгыча
+5
BegimaiBegimai
2017-10-04 22:20:02
оо кудай кун жылыса экен жугоруну жыйнап алсак.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан