"Кыргызстанда 12 менчик кинотеатр бар. Алар өз убагында мамлекеттик мекеме катары курулуп, бирок СССР урагандан кийин менчиктештирилип кеткен",- деп билдирди ЖКнын депутаты Бөдөш Мамырова парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин көчмө жыйынында. Депутат өз сөзүндө жеке менчиктеги кинотеатрлар текшерилбей жатканын баса белгилеп, айрымдары кумаркана катары иштеп жатканын айтты. Өз учурунда маданият, маалымат жана туризм министри айтылган сунуш эске алына тургандыгын билдирди. Айта кетсек, көчмө жыйын кино тармагына арналып, "Кыргызфильм" киностудиясында өтүүдө.