БШК талапкер Жээнбековго үгүттөгөнү үчүн Иса Өмүркуловдун жоопкерчилигин кароону сураган арызды карады

Бүгүн, 4-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун талапкер Сооронбай Жээнбековго үгүттөгөнү үчүн жоопкерчилигин кароону сураган арызды карады. Анда Өмүркулов Жээнбековго ачык үгүттөп жатканы айтылып, Жээнбековго карата чара көрүү жана Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун жоопкерчилигин кароо сунушталган.

“Биз Өмүркуловду эле эмес, башка депутаттарды да көрүп жатабыз. Мыйзам боюнча үгүт иштерине депутаттын сапары, чыгымдары талапкердин шайлоо фондунан каржыланышы шарт. Учурда Жогорку Кеңештин бардык депутаттары аймактарга шайлоочулар менен жолугушууга кеткен. Алар мамлекеттин чыгымдары менен барып талапкерлердин үгүт иштерине катышкан жокпу ошол жагын карап көрүш керек”, - деди БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева.

"Бул Эмгек кодексин бузуп жаткан жокпу, депутаттык ресурстарын пайдаланган жокпу ошол жагын карап чыгыш керек", - деди БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

БШК маселени талдап чыгып, арызды канааттандыруудан баш тартты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Almaz75
2017-10-04 18:10:45
Шайлдабек сдпк нын талапкерине жазылган арызды,эч качан канаатандырбайт.
+3
Azatbek83
2017-10-04 18:22:19
Мафиози
+2
kalpak.kg92
2017-10-04 18:31:37
БШК торайымы Шайлдабекова Сокеге жазылган арызды,эч качан канаатандырбайт.Алдеген СДПк дан ошону билгиле
+1
aza84
2017-10-04 20:04:57
Рыскелди момбековдуку деле журотко интернете видеосу ачык эле агитация кылганы сдпканы коздой
+1
Paolo
2017-10-05 02:57:51
Арыздарды карап успевать этпей калды окшойт )))
0
admin_superstan
2017-10-05 10:17:47
futboler, порталдын ишмердүүлүгүнө тиешелүү сын-пикирлер portal@super.kg дарегине жиберилиши керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан