СУПЕРСТАН: "Жетекчим австриялык, ачуума тийсе кыргызчалап сөгүп коём"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Шефиңер кандай?" деген тема талкууга алынган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Жумушум өзүмө жагат, жамаатта жалаң жаштар болгондуктан өтө шайыр 3 кыз, калгандары балдар иштейбиз. Шефим жакшы эле. Ал эми "служебный роман" жөнүндө айта кетсем, колдобойм. Анкени менде мурдагы жумушумда андай окуя болгон. Арты жакшы болуп бүткөн жок. Жеке жашооң менен жумушуң эки бөлөк эле болгону жакшы го дейм".

"Мен иштеген жерде романдар көп, бирок эч кимге билгизишпейт. Кылмыш кырк жылда билинет болуп баары бир билинип калат".

"Башкы директорубуз чогулуш өткөргөндө кыздардын жарымы анын кийимин карап, кийимине жараша кубулган баалуу жасалгаларын карап эстери оойт. Өзү да сонун сүйлөйт, тамашалай билет. Сын айтса да тамашага салып айтат, таарынгандын ордуна эл менен кошо күлөсүң. Бирок маанайы жок болсо оо, анда "келе жатат" дегенде баары көзүнө чалдыкпоого аракет кылышат. Ал маанайы жок чогулуш өткөргөндөн кийин 2 жума баш көтөрбөй, аябай катуу иштейбиз. Кайра "расслабуха" кармап бара жатканда кайра чогулуш болот. Ушундай, талапты коё билген киши".

"Шефимди сүрөттөп кетсем: семиз, курсагы 5 айлык боюнда бар аялдай, сапсары болгон австриялык киши. Өзү жакшы адам, бирок жумушка бирөө чыкпай калса эле үйүм жумуш кеңсенин эле үстүндө болгондуктан терезени карап, серенада айтып жаткансып "ишке чык" деп эле айкыра берет. Жиниме тийсе кыргызчалап сөгүп коём".

"Тойканада иштейм. Жетекчибиз - Андрей, анын орун басары - Наташа. Кызматтык махабат так ошолордон башталат, калган 80 пайызы да жупташып алгандар. Андрей шефтей деле эмес, байкуш үлбүрөп араң жүрөт. Бирок Наташа туулбай туураңдан кеткир, жеткен "стерва", кактабай каныңды ичет. Бирок аябай түшүнүктүү. Жумуштан кийин аны менен эс алып отуруп, жеке темада сүйлөшүп калсаң андан өткөн жакшы киши жок. Менин жумушум ушундай".

"Командирим аябай макоо, сапсары болгондуктанбы бат эле жинденип айкырып, өкүрүп салат да, кайра келип эч нерсе болбогондой сүйлөй берет. Аялдарга кандай мамиле жасаганды билет. Жалгыз кыз мен болгондуктанбы, айтор сыйым бар. Анын орун басары болсо тим эле алтын киши, билбегенимди үйрөтүп көптөгөн колдоо көрсөтүп, жакшы сөзүн эч аябайт. Аны көргөндө бир тууганымды көргөндөй сүйүнүп кетем. Темирдей тартип бар".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан