Министр: "Өлкө боюнча жер көчкү жүрө турган кооптуу аймактарда жашаган 4409 кожолукту көчүрүү муктаждыгы бар"

Премьер-министр Сапар Исаковдун катышуусунда бүгүн, 4-октябрда жаратылыш кырсыктарына кабылган кооптуу аймактарда жашаган калкты тез арада көчүрүү маселеси боюнча селектордук жыйын өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы ушул жылы Ош облусунун Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунда катталган жаратылыш кырсыктары жана андан адам өмүрүнө зыян келген фактыларды эске алуу менен маселенин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун маалыматында, мурдагы жылга салыштырмалуу 2016-2017-жылдагы күз-кыш мезгилинде жаан-чачындын көп болушунан улам өлкөнүн тоолуу аймактарында жашаган жергиликтүү тургундар үчүн катаал абал түзүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов.

Ушул жылдын сегиз айында жүргүзүлгөн иликтөөлөргө караганда республика боюнча 1774 кооптуу аймак иликтенип чыккан. 2017-жылы жарандарды кооптуу аймактарга көчүрүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында 1587 үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлүп, жыйынтыгында 10 000 адамдын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Бүгүнкү күндө республика боюнча жер көчкү жүрө турган кооптуу аймактарда жашаган 4409 кожолукту көчүрүү муктаждыгы бар. Бул үчүн инфраструктураны эске албаганда болжол менен 353 гектар жер керек.

Кубатбек Боронов жылдын аягына чейин биринчи кезекте көчкү түшүү коркунучу бар аймактардагы жарандарды көчүрүү керектигин баса белгиледи. Бул багытта аткарылган иш-чаралар боюнча Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана алардын орун басарлары маалымат беришти.

Өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери аталган маселе боюнча чечкиндүү чараларды көрүшү керектигин дагы бир ирет баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nematovich.90
2017-10-04 19:20:13
Ошол окмоттогулор участок бергенде ойлонуп берсенер болбойбу канча жерлер турса келип келип каяктагы тоонун боорунан же адыр талаага кочуруп бересинер кыргыз элин ойлобой анан сатасынар жерлерди. Анан жер кочку журсо ии жаман болду деп конул айтып, ошону эртерээк ойлонгулачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан