Жээнбековго үгүттөгөн деп "Кыргыз Темир жолунун" директорунун үстүнөн жазылган арызды БШК канааттандырган жок

Бүгүн, 4-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы "Кыргыз Темир жолу" мамлекеттик ишканасынын директору Алмазбек Ногойбаевдин талапкер Сооронбай Жээнбековго үгүттөгөнү боюнча арызды карады. Буга чейин 30-сентябрда “Демократия жана жарандык коом коалициясы” тарабынан БШКга арыз берилген.

БШКнын мүчөсү Елена Джилкичиева "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасында мурда иштегенин айтып, мекемеде кызматкерлерге карата жетекчилик тарабынан шайлоого катышууга тапшырма берилип жатканын айтты.

“Темир жол" окуу жайына жана ишканага тиешелүү клубга форма №2 тапшырып, кошумча тизмеге кирүү тапшырмасы берилген. Жумуштагыларды ошол участокко барып добуш берүүгө мажбурлап жатат”, - деди Джилкичиева.

Ал эми төрайым Нуржан Шайлдабекова БШК мүчөсү болгон соң эч кандай далилденбеген маалыматтарды айтуудан алыс болууга чакырды.

БШКнын дагы бир мүчөсү Абдыжапар Бекматов "Кыргыз Темир жолу" ишканасына тийиштүү окуу мекемеси жана клубда кошумча тизмеге кабыл алуу жүргүзүлбөгөнүн, мурдагы тизме менен катталган шайлоочулар гана добуш бере турганын айтты.

Арызды канааттандыруудан баш тартуу боюнча төрайым добушка коюп, БШКнын 7 мүчөсү “макул”, 3 мүчөсү “каршы” деп добуш берип, арыз канааттандыруусуз калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nazar76
2017-10-04 19:11:02
Сдпкнын атына арыз түшсө эч карабагыла канаттандырбагыла жаман тойгоздунарго сдпкнын адамдары ашанар баш болуп
+4
Kuba-savai87
2017-10-04 19:25:23
Nazar76,кошулам.
+1
adjo_krsu
2017-10-04 19:56:50
Nazar76, жылуу жумшак местоны ойлойт алар.
+1
nurdaana
2017-10-05 02:33:23
Мен да мамлекеттик мекемелердин биринде иштейм. Биздин коллективе да аябай эле кысым куч болууда. Жээнбековко добуш беришибизди талап кылып атышат. Эл арасынан Бабановту колдоочуларды ачык эле куугунтукка алышууда.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан