Таласта дайынсыз болуп жаткан чабандар табылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, дайынсыз болуп жаткан чабандар 4-октябрь күнү саат 18:30 чамасында Чаткал районунун Чакмак-Суу айылына түшүп, айылга жакын жерге чатырын тигип жайгашышкан. ӨКМнын куткаруучулары тамак-аш жана керектүү азыктарды саат 23:00дө жеткирип барышкан. Чабандарды куткаруу аракеттери көрүлүүдө.
Эске салсак, буга чейин Бакай-Ата районунун Акназар айыл аймагынын чабандары (8 адам) 30-сентябрь күнү Күмүш-Так ашуусунда кар көп жааганына байланыштуу 3 короо кой жана 3 үйүр жылкысы менен ашуудан өтө албай калышкан.