ӨКМ: "Жалал-Абад-Казарман унаа жолу 2018-жылдын жаз айларына чейин жабылды"

Жалал-Абад-Казарман унаа жолу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кризистик абалды көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Азамат Мамбетов маалымат жыйынында билдирди.

"Жалал-Абад-Казарман унаа жолу 2018-жылдын май, июнь айларына чейин жабылды. Анткени 30-сентябрда жааган калың кардан улам жолдо жүрүү мүмкүнчүлүгү болбой калган. Жол каттамын токтотуп, жолду жабуу чечими райондун акиминин буйругунун негизинде ишке ашырылды. Эми каттам кийинки жылдын май айларында Күн жылыганда ачылат", - деп билдирди Мамбетов.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад-Казарман унаа жолундагы ашуунун бийиктиги 3062 метрге жетет.

Эске салсак, буга чейин Тогуз-Торо районунда кар көп жаагандыгына байланыштуу унааларга кооптуу абал жаралып, Жалал-Абад-Казарман унаа жолу убактылуу жабылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Mers124
2017-10-05 12:54:26
Казарманды Нарынга кошуш керек. Жалалабад менен Казарман 4-5 ай эле бири-бири менен катышат.Болбосо 7-8 ай аким менен губернатор корушпойт. Ушундай кантип башкаруу болсун.
+1
Koshaly
2017-10-05 21:13:23
Mers124, туура айтасыз , Жалал-Абадка караганда Нарын менен көп байланышта болобуз жайы кышы.
+1
Samina007
2017-10-05 13:25:58
Көрүшпөгөнү мында калсын калк кантип жашайт ал жакта 7-8ай тамак аш дегендерин
+1
Koshaly
2017-10-05 21:14:45
Samina007, Бишкектен Казарманга тынбай катам болот )
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан