Бүгүн, 5-октябрда Бишкекте “шайлоо системин реформалоо боюнча жарандык коомдун демилгелери” деген аталыштагы иш-чара өтүүдө. Ага шайлоо процессине активдүү катыша турган маалымат каражаттары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
“Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынан” билдиргендей, шайлоо күнү 1000ден ашуун байкоочу добуш берүү процессине көз салат.
“Байкоочулар узак жана кыска мөөнөттө иштейт. Учурда узак мөөнөткө дайындалган 60 адам аймактык шайлоо комиссияларынын иш аракеттерине байкоо салууда. Ал эми 15-октябрь күнү 500 шайлоо участогунда 1000 адам добуш берүү процесстерине байкоо салат”, - деди аталган уюмдун өкүлү Улан Дастан уулу.
“Учурда Европа биримдигинин каржылоосу менен эки жылдык долбоор ишке ашырылууда. Бул долбоордун негизги максаты Кыргыз өлкөсүндө жүрүп жаткан шайлоо системин реформалоо. Шайлоо процесстерине байкоо жүргүзүү жана ага карата жооп берүү”, - деп кошумчалады Улан Дастан уулу.