ӨКМ: "Бишкек-Ош жолундагы унаа тыгындары жана чектөөлөр айдоочулардын кайдыгерлигинен улам болууда"

Бишкек-Ош жолунда жаралган тыгындар жана коопсуздук үчүн киргизилген чектөөлөр айдоочулардын кайдыгерлигинен улам болууда. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кризистик абалды көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Азамат Мамбетов маалымат жыйынында билдирди.

Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаагандан кийин жол тайгак болуп унаалар жайкы дөңгөлөктөрү менен туруп калып тыгын жаралууда. Натыйжада кайра-кайра чектөөлөр киргизилип жатат. Кечээ, 4-октябрь күнү 3 жолу чектөө киргизилди. Бул тыгындын негизги себеби айдоочулардын кайдыгерлиги болууда. Алар кар жаагандыгына карабастан жайкы дөңгөлөктөрүн алмаштырбай жолго чыгып жатат", - деп билдирди Мамбетов.

ӨКМ айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөр менен узак жолго чыкканга болбостугун, дөңгөлөктөрдү алмаштырып, унаанын техникалык абалын текшерүүнү эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kanybek121195
2017-10-05 14:11:37
Саякатчы бака Озбекстанга барыптырго бугун.
+3
nurbekasr
2017-10-05 14:37:41
Kanybek121195,Өзбекстанга канча жер берилди,шайлоодо колдоп коюсун суранганы
кетти да.
0
Jyrgal_msk
2017-10-05 17:24:19
Жайкы донголок менен жургонду посттон откозбой,штраф салса болбойбу?Алар учун башка адамдар жабыр тартып атат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан