Бишкектин Ак-Ордо конушунда 6 баласы менен жер тамда жашаган үй-бүлөнүн жашоо шарты текшерүүгө алынат. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаментинен билдиришти.
"Гүлжан Кайкыеванын жашоо шартын текшерүүгө алабыз. Ал үчүн Бишкек шаарынын Ленин райондук Социалдык камсыз кылуу департаментине тапшырма берилди. Эгерде бул үй-бүлөнүн каттоосу жашаган жеринде болбосо анда жардам бере албай калабыз. Ошол эле учурда бул үй-бүлөнүн каттоосу Тогуз-Тородо болсо ал жактан да жардам бере алышпайт. Анткени алар ал жерде жашабайт. Бул мыйзам талаптарына ылайык келбейт", - деп билдиришти департаменттен.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинен кош бойлуу Гүлжан Кайкыеванын каттоого турбаганын өзүнүн күнөөсү экендигин айтты.
"Кош бойлуу аялдар үчүн каттоого туруу, айрым анализдерди тапшыруу акысыз. Эгерде каттоого тура албай, акча талап кылган фактылар болсо анда чара көрмөкпүз. Мында абалын текшертүүгө барбаган өзүндө күнөө болуп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, буга чейин жер тамда жашаган 6 балалуу үй-бүлөнүн жардамга муктаж болуп жатканы айтылган.