АКШнын президенти Дональд Трамптын кызы жана кеңешчиси Иванка Трамп бала бакчаларга информатика сабагын киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
"Азыркы мезгилде технологиялар дүйнөлүк экономиканы башкарып жаткан мезгили. Ошол себептен биз өзүбүздүн жарандарыбызга кичинесинен баштап ал тармакта билим алып, келечекте мыкты жумуштарга кириш үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүбүз зарыл", - деп билдирген Иванка Трамп.
XXI кылымда бардык тармактарда түрдүү жогорку технологиялар колдонулуп жаткандыгын, ошол себептен мындай билим бала бакчадан баштап берилиши керектигин айткан президенттин кызы бул жаатта билим алууга балдарды гана эмес, кыздарды да үгүттөө керек экендигин баса белгилеген.