Бишкек шаарынын жаштар аллеясындагы чоң көлөмдөгү көз айнектин кантип сынганы аныкталды

Бишкектеги жаштар аллеясына коюлган чоң көлөмдөгү көз айнектин кантип сынганы видеого түшүп калган. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Көз айнектин эмнеден улам кулап жаткандыгын аныктоо үчүн биздин кызматкерлер изилдөө иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада видеодон көрүнүп тургандай көз айнек өзү эле кулагандыгын көрүүгө болот", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, жаштар аллеясындагы чоң көлөмдөгү көз айнек буга чейин белгисиз адамдар 3 жолу сындырышканы айтылып, бейбаштыкты жасагандар Ленин райондук администрациясы жана укук коргоо органдары тарабынан изделип жатканын билдиришкен.

Жаштар аллеясындагы көз айнектин кантип сынганы видеого түшүп калган
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Azahan
2017-10-05 18:30:47
Жооп беришсин
+3
zhykyo
2017-10-05 18:34:07
Муздакта сына берет кичине жылып кайра муздаганда
+7
ekaterinburg
2017-10-05 18:34:15
Мен да"сого"бериптирмин ар кимди...
+20
ALMAAAN
2017-10-05 18:36:23
ekaterinburg,ха ха
+11
aylun
2017-10-05 18:55:50
ekaterinburg,сокконду кой, каргап шилеп атышпады беле, колун сын эле колун сын деп))))
+14
RusMos76
2017-10-06 00:31:10
aylun,эми кимдин колу сынат болду экен?!
+1
Bek_abad
2017-10-05 18:49:06
Темирден жасап бетон куюп салгыла)
+11
BegimaiBegimai
2017-10-05 19:50:10
озу эле кулаган болсо озунун колу сынсын озу соттолсун дегиле(хаха тамаша)
+2
Kroxa
2017-10-05 19:52:08
Хе хе уят эле...озу сынып атса эле бироонун куноосун которуп..
+1
Nevestkaa
2017-10-05 19:58:09
Биринчи жолу сынганда бирөө сындырган го эсиңерден чыктыбы?Кийинкилерин шамалбы же башкабы өзү түшүшү мүмкүн.Башында бир шүмшүктүн колу кычышып айнекти кармагычын бошотуп койгон ошондуктан да кулап калгандыр.
+1
sabyr86
2017-10-05 20:35:42
Бул экинчиси экен ушинтип кулап сынган,биринчисинде сындырып эле кетишкен себеби айнек кулаган эмес болчу.
+2
jannia
2017-10-05 21:12:55
Бироо таш ыргытып качты го видеодо
0
Aikyn93
2017-10-05 22:09:42
Аары жактан таш ыргытты го качып атпайбы жакшылап карасанар
0
Arlen92
2017-10-05 22:21:14
Муну тееп сындырып салтат
эрте менен ажырап калган болот
Эмне учун кундузу жашынакай
Тундо ажырап калат
А видеодогу ажырап турган неме тушуп калды
0
Kuba-savai87
2017-10-06 00:25:00
Биз сапаттуу кылып жасап жатканбыз деп актанып атпай беле
+1
Rahim76
2017-10-06 01:32:20
Бироо алыстан таш менен уруп атат
0
mederkg
2017-10-06 01:50:46
Китайский көз айнек жасашкан окшойт өзү эле сынып кетсе
+1
kechirmeni
2017-10-06 08:26:35
Сол жакта бироо качты го кулап атканда, жон кулабаса керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан