SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сиз ким үчүн жашап жүрөсүз?" деген тема талкууга алынган.
Темадагы автордун билдирүүсү: "Күтүлбөгөн жерден кичинекей кыздын апасына берген суроосу таң калтырды. Кызы "апаке, сиз ким үчүн жашап жүрөсүз" дейт. Апасы "сен үчүн да" десе, "а таенем үчүн эмнеге жашабайсыз" дейт. "Таенең экөөң үчүн жашайм" десе, "атамчы, аны жаман көрөсүзбү, бирөөбүз үчүн жашаңыз да" деп апасын бир топ эле жүдөттү. Ошол кыздын суроосун сиздерге да узатайын дегем, сиз ким үчүн жашап жүрөсүз?"
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Өзүм үчүн жашайм. Ар бир адам өзү үчүн жашайт".
"Мен ким үчүн жашап жатам дегенден мурун мага бир нерсе болсо деп ойлонуп көрөйүнчү. Апам байкуш, бир туугандарымчы, жолдошум, ай-и-и, балдарымчы, Кудай сактасын. Көрсө жакындарың үчүн жашайт экенсиң".
"Негизи пенде болуп жаралган соң бешенебизге жазылган жашоону өтөп бүтүп, аркы дүйнөгө аттангыча өмүрдүн кызыгы түгөнбөйт. Келер күндүн жакшылыгын тилеп, ар тараптуу аруу тилектер менен жашайбыз. Албетте, биринчи кезекте өзүбүз үчүн кам көрүп жашайт эмеспизби".
"Адам баласына жашоо эмнеге бара-бара кызыктуу боло берет. Алгач бала куракта ата-энең, бир тууганың үчүн. Анан үй-бүлө, бала-бакыраң үчүн. Кийин уул-кыз неберелер үчүн. Чебере көрө баштаганда адам баласына жашоо кызыктуу боло баштайт экен. Ушулардын баары өз башындан өтсө, өзүң үчүн жашаганыңдын ырахаты".
"Бир тууган, ата-эне, балдар, неберелер үчүн жашайм" дегени менен өлсөң өлүп кете бересиң. Тирүүлөр кала берет. Сага кайгырат, анан барып-барып унутуласың. Андыктан баары өзү үчүн эле жашайт. Жашооң өмүрүң өзүңдүкү, өзүң гана жоопкерсиң өз жашооңо. Жашоо керек экен, мен өзүм үчүн эле жашап жатам".
"Алла өмүр бергенден кийин жашайбыз да. Ажалың келсе "мен бирөө үчүн жашап жаттым эле, өлбөй турайын" демек белең?"
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.