Адабият боюнча "Нобель" сыйлыгына япон улутундагы британиялык жазуучу Кадзуо Исигуро ээ болду. Би-би-си маалымат агенттигинде жазылгандай, Исигуро жазган 8 китеп кырктан ашык тилге которулган.
Кадзуо Исигуро "Нобелдик" комитет ага байланышканга чейин бул жаңылыкты мени сынап жатышат деп кабыл алып, ишенген эмес.
"Бул болуп көрбөгөндөй чоң кубаныч, жоопкерчилик. Мен улуу жазуучулардын уучун улап жаткан экенмин деп түшүндүм, бул мактоого татыйт", - деген ал.
Исигуронун эң популярдуу романы - "Күндүн калган бөлүгү". Аталган чыгарма үчүн автор 1989-жылы "Букеров" сыйлыгын алган. Ага удаа эле популярдуу болгон романы "Мени коё бербе" деп аталат. Ал 2010-жылы экрандаштырылган.
Адабият боюнча "Нобель" сыйлыгынын номинанттарынын ачык тизмеси болбогондуктан, негизги чечим букмекерлердин пикири менен эсептелинген.
Адабият боюнча "Нобель" сыйлыгы 1901-жылдан бери ыйгарылып келет. Өткөн жылы аталган сыйлыкка америкалык жазуучу жана музыкант Боб Дилан ээ болгон. 2015-жылы беларустук жазуучу Светлана Алексиевичке тапшырылып, ал бул сыйлыктын тарыхында ага ээ болгон 14-аял болгон.