Режиссёр Садык Шер-Нияз Бишкекте жеке ишкерлердин өз каражатына кинотеатр куруусуна мүмкүнчүлүк берүү керектигин ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин көчмө жыйынында айтты. “Өткөн жылы Бишкек шаарында 2 миллион адам кинотеатрга кирген. Эгерде бул санды көбөйткүбүз келсе, жаңы кинотеатарларды курушубуз зарыл. Балдарыбыздын кафе-ресторан, түнкү клубдарда жүрүшүн каалабасак, анда жеке ишкерлерге кинотеатр театр курууга мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Анткени өкмөттүн театр курууга мүмкүнчүлүгү жок”,- деди Шер-Нияз. Айта кетсек, аталган комитеттин көчмө жыйынында кино тармагындагы маселелер талкууланып, көптөгөн сунуш-пикирлер айтылды.