Ош шаарында Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайынын ачылуу аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Манас-Ата аймактык кеңешиндеги Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайынын ачылышы өткөрүлүп, кызыл тасмасы кесилди. Кароосуз калган эс алуу жайы толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.
“Эс алуу жайы жеке менчикке өтүп, кароосуз калган. Оңдоо иштери үчүн жумшалуучу каражаттын сметалык баасы 14 миллион сомду түзүп, тендердик баасы 8 миллион 421 миң сом болду", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эс алуу жайдын жалпы аянты 21,998 чарчы метрди түзөт. Оңдоп-түзөө иштери 2016-жылдын күз айларында башталган.