Бишкектеги Жал кичи районунда күйүп кеткен подстанцияны оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда "Улуттук электр тармактар" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 5-октябрь күнү саат 17:32лер чамасында "Айни" подстанциясында фидерди кошуу учурунда өрт чыккан.
"Азыркы тапта электр жабдууларындагы күйүктөр тазаланып, жарактан чыккандарын калыбына келтирүү иштери аяктап калды. Учурда Гагарин, Айтматов, Садырбаев, Ахунбаев көчөлөрү менен чектелген аймакта жана Жал кичи районунун айрым жерлеринде жарык жок", - деп билдиришти аталган ишканадан.
Айта кетсек, кечээ, 5-октябрда саат 17:32лер чамасында Жал кичи районундагы "Айни" подстанциясында өрт чыккан. Өрттүн келип чыгышына электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.