Укук коргоочу Динара Ошурахунова кошумча тизме боюнча арыз кабыл алуу токтотулганы менен Ош мамлекеттик университетинде учурда кабыл алынып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-октябрда тегерек столдо билдирди.
Бул суроого Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев кошумча участкалар Ош шаарында ачылбаганын айтып, Бишкек шаарында гана ачылганын эскертти. Догоевдин айтымында, Бишкекте 33 участка ачылып, 29-сентябрда арыз кабыл алуу токтотулган.
Учурда БШК, Мамлекеттик каттоо кызматы маалыматтык шайлоо системинин колдонулушу тууралуу тегерек стол өтүүдө.