Кыргыз жеринде Өзбекстандын автобустары куралып башташы мүмкүн

Азыркы учурда Өзбекстан чыгарып жаткан автобустар Кыргыз жеринде да куралып башташы мүмкүн. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаевдин Ташкенттеги сапарында кол коюлган "Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, достук, ишеним жана коӊшулук маанайды бекемдөө жөнүндө" декларацияда белгиленет.

Документте "Тараптар автомобиль, айыл чарба техникаларын куроо боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү максатында эки тарапка пайдалуу кызматташтыкты кеӊейтет" деп жазылган. Декларациянын толук текстин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги жарыялады.

Бүгүн, 6-октябрда Ташкентте өткөн Кыргыз-Өзбекстан бизнес-форумунун алкагында кол коюуга бир катар документтер сунушталды. Алардын бири - Өзбекстандын "Узавтосаноат" ишканасы менен Кыргыздын "ДТ Техник" ишканасынын ортосундагы Кыргыз Республикасында автобустарды биргеликте куроону уюштуруу жөнүндө макулдашуу.

Белгилүү болгондой, азыркы тапта Өзбекстан Түштүк Корея, Германия өӊдүү өлкөлөр менен биргеликте бир нече үлгүдө жеӊил жана оор жүк ташуучу автоунааларды, автобустарды, айыл чарба техникаларын чыгарат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Nazar76
2017-10-06 16:12:31
Жакшы жаңылык ушундай заводдорду курабыз десеңер болот экенго балли дейбиз
+7
PROS
2017-10-06 16:15:30
Тикону кореецтер алгач КРга сунуштаган, Акайыч макул болбой койгондон кийин Өзбекстанда чыгара башташкан деп уккан элем тээ Акаев заманда.
+5
Rifle_I
2017-10-06 17:26:44
PROS,чын маалымат .
Бирок тико курулбаганы жакшы болуптур. КРдин көркүн бузбай, жакшы машиналарды айдап калдык.
+4
Nazar76
2017-10-06 16:17:26
Бир эле автобус завод менен чектелип калбастан машина заводда кургула өзбекстандын өзүндо 3-4 машинанын түрү чыгат бирок Өзбекстан менен эмес күчтүү машиналарды чыгарган өлкөнлордун өздөрү менен суйлошсон жакшы болмок
+3
SHERBOLAT
2017-10-06 16:32:26
Менин оюмча бул шаайлого карата пияр болушум мумкун.биздин бийликтегилер ачкыла анан айтсанар жакшы болмок.
+4
ozgeldi
2017-10-06 16:36:43
Бмв мерстерди чыгарыш керек бизде Германия мн суйлошуп
+7
bekhaliev
2017-10-06 17:13:11
ozgeldi,Германия крг тоготпойт, каз_станга курса болсо керек
+1
SHERBOLAT
2017-10-06 23:09:11
ozgeldi, Машинени айтасында.бир ширенке чыгарган станогубуз жокко
-1
Rifle_I
2017-10-06 17:27:31
Tesla чыгарууга макулдвшса биз жыргайт элек го .
+2
Asman...
2017-10-06 17:47:48
Ажого айтып койгулачы, туугандардын заводдорун коруп кичине болсо да уялып келсин. Элдер завод иштетип жвтат экен даа деп.
+3
raykray
2017-10-06 17:57:37
Туугандар Атамбайды колдонушу мумкун бирок алар оздорунукун алдырбайт!!!
+1
Kuba-savai87
2017-10-06 18:01:27
Эгер бизде машина куралып чыга турган болсо озбекстандай болот нексианы 9000$ алабыз кымбат болуп калат.башка машиналар асман дын башы болот.Атамбаев деле макул болбой койгон япондор тайотаны курабыз дегенде.
0
scorp
2017-10-06 18:28:42
Ламборгини курабыз деп качан айтышат биздикилер)))
0
AKCAHAT
2017-10-06 22:23:19
scorp, анда жердин жарымы Марста отурукташып калганда, айтылат)))
0
Gknb.life
2017-10-07 00:35:44
Коментарийлердин баары эле "негатив" ко, негизи баары эн алгач ойдон башталат. Андан коро келечеке кичине болсо да позитивдуу ой жугуртолу. Анткени эртенки кун "биздин колубузда".
+2
Azatbek83
2017-10-07 13:49:01
Озбекстаны жок эле Корея Германия Япониялар менен эле келишим тузуп чыгарышса болбойбу уят эми алар айтышат как будто оздору ойлоп тапкандай силерде биздин техникалар чыгып жатат дешип!!!
-2
Azatbek83
2017-10-07 13:52:14
Озбекстан алардын артында биз алар ушунча машына чыгарып заводдопу бар бирок миграцияда кучтуу биз жетиш учун коп нерсе керек ошон учун аны койуп башка нерсени ойлошсун уят
-1
Belek2070
2017-10-08 01:12:55
Атамбаев дагы 6 жыл президент болсо жакшы болмок акыркы кундору ото жакшы иштерди жасады, жаль что заканчивается его президентский срок.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан